Спорт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы Японияга учуп кетти

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 2022-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын калган беттештерин өткөрүү үчүн Японияга жөнөп кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 2022-жылы Катар өлкөсүндө өтүүчү футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын калганы борборлоштурулган форматта Японияда өтөт.   Кыргызстан ойногон F тайпасынын оюндары Осака шаарында болот.

Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин шакирттери 7-июнда Монголия, 11-июнда Мьянма жана 15-июнда Япония менен беттешет.

Кечээ Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Спорт агенттигинин жана Футбол союзунун жетекчилери команданы узатышты.

«Биздин күйөрмандар улуттук команданын оюндарын чыдамсыздык менен күтүп калышты. Алдыда өтө жоопкерчиликтүү оюндар турат. Татыктуу оюн көрсөтүп, жеңишке жеткиле! Силер алыс жерде ойносоңор да биз силер мененбиз, силерди колдоп турабыз. Артыңарда бүтүндөй мамлекет турат», — деген КФСтин президенти Канатбек Маматов.

Министр Кайрат Иманалиев футболчулар ийгиликке жетет деген үмүтүн билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button