“Баткен – кыргыздардын байыркы жери” аттуу китеп жарыкка чыкты

Бул тууралуу коомдук ишмер, экс-министр Камила Талиева Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтымында, китеп чек арага тиешелүү маанилүү, архивдик тарыхый фактыларга таянып жазылган.

“Жакшы жаңылык! Өз учурунда, өтө актуалдуу маселе – чек ара проблемасы курчуп турган чакта, бир канча жылдан бери архивдик материалдарды чогултуп, бирок, каржы көйгөйүнөн улам жарык көрбөй келе жаткан китеп эле.

Материалдарды топтоп, тарыхый- илимий жактан ирээтке келтирип, архивдик материалдарга гана таянып, чогултуп, иштеп чыккан тарыхчы авам Орунбай Ахмедовдун эмгеги зор. Авам экөөбүз сүйлөшүп, каржысын таап, аракет кылып отуруп, мына китептин сигналдык варианты чыгып отурат.

Буюрса, жакынкы күндөрдө элге жеткиребиз! Жакшы жаңылыктарды да айта жүрөлү”,-деп жазат экс-министр.