Ошто Сулайман-Тоодо жана А. Навои эс алуу багында жаш өспүрүмдөрдү тоноп жүргөндөр кармалды

Ош шаарынын 8 тургуну үстүбүздөгү жылдын апрель-май айларында, балдарын белгисиз атуулдар Сулайман-Тоодо жана А. Навои эс алуу багында тоноп жатканын айтып арыз менен Ош ШИИБге кайрылышкан.

 Аталган  факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренеси ( тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

 Аталган кылмыштарга шектүүлөрдү издөө иштери күчөтүлүп, ушул жылдын 6-июнь күнү Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан  3 жаш өспүрүм кармалган. Шектүү катары кармалгандар Ош шаарынын 2004-жылы туулган тургундары М.И, Т.С, А.С. болгон.  Кармалган учурда жанынан далил  катары буюмдар табылган.

 Шектүү жарандар эс алуучу бакчасында жүргөн жаш өспүрүмдөрдү коркутуп, уюлдук телефондорун, кийимдерин тартып алып жүрүшкөн.

Ош шаардык соту тарабынан жаш өспүрүмдөрдүн баш коргоо чарасы каралып,  жаш өзгөчөлүгү эске алынып, үй камагына чыгарылган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

 Ош ШИИБдин Басма сөз кызматы