Бишкектеги Таш-Рабат соода борборунда өрт чыкты

Бишкектеги М. Горький көчөсүндө жайгашкан Таш-Рабат соода борборунун имаратынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган.

“Өрт саат 04:43тө чектөөгө алынып, саат 05:05те толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок жана кырсыктын чыгуу себеби учурда такталууда”, – деп айтылат маалыматта.