КРда балдарды спорттук жана руханий тарбиялоого багытталган «Мектеп лигасы» программасы башталды

Мектеп окуучуларын чоң спорттук реформалар күтөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Шабданбаев билдирди.

Анын айтымында, КРнын спорт жана дене тарбия мамагенттиги Билим берүү жана илим министрлиги жана «Мектеп лигасы» федерациясы менен биргеликте республикада мектеп окуучулары арасында спортту жайылтууга багытталган «Мектеп лигасы программасын баштады.

«СССР кулагандан кийин Кыргызстанда дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн так модели түзүлбөгөнү эч кимге сыр эмес. Республикада 71 спорттук мектеп жана спорттун түрлөрү боюнча 100дөн ашык федерация болгонуна карабай азыркы учурда спорт менен саналуу эле балдар алектенет»,-деди ал.

Ошол эле учурда Шабданбеков белгилегендей, өлкөдө спорттук билим берүү программаларына мүмкүнчүлүктүн жоктугунан көптөгөн таланттуу балдар таанылбай келет.

«Кыргызстанда спортту андан ары өнүктүрүү үчүн базар механизмдери жана жеке компанияларды өз ара пайдалуу келишимдердин негизде тартуу зарыл. Бул практика бүткүл дүйнө жүзүндө кеңири колдонулуп келет, бирок биздин спорттук мелдештердин туруктуу демөөрчүлөрү тилекке каршы саналуу гана.

Натыйжада, көңүл чөгөргөн көрүнүштү көрүп жатабыз: мектеп окуучуларынын көпчүлүгү физикалык өнүгүүгө кызыкдар эмес, тескерисинче, алар гаджеттер менен кыймылсыз жашоо образын жүргүзүшөт, тез даярдалуучу тамактарды колдонушат, натыйжада улутубуздун ден-соолугу катастрофалык абалга жетти. Учурдагы кырдаалды эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын Мамлекет башчысынын “Инсандын руханий-адеп- ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбия жөнүндөгү” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик өсүп келе жаткан муундун өзүн-өзү тарбиялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана калк арасында сергек жашоону жайылтууга багытталган “Мектеп лигасы” программаны иштеп чыкты. Мектеп лигасы спорттун командалык түрлөрүн өнүктүрүүгө багытталган: футбол, волейбол жана баскетбол.»,-деди министрдин орун басары.

Ал белгилегендей, спорттун ушул түрлөрү тандалып алынды, анткени, бул спорттун түрлөрү ири инвестицияны жана атайын даярдыкты талап кылбайт. Ошондой эле, спорттун командалык түрлөрү окуучулардын коммуникациясын, жоопкерчилигин жана тартибин камсыздоо үчүн чоң өбөлгө түзөт.

«Ошентип, окуучуларда “жумшак көндүмдөр” деп аталган нерсе иштелип чыгат. Ошондой эле, мектеп лигасы таланттуу балдарды аныктоого, күйөрмандар институтун өнүктүрүүгө, демөөрчүлүк жана өнөктөштүктү тартууга салым кошуп, бандитизм регионализм, кылмыштуулук жана башка ушул сыяктуу терс таасирлерди жоюу менен руханий-патриоттук сезимдерди калыптандырууга мүмкүнчүлүк түзөт»,-дейт ал.