Ишеналы Арабаев тууралуу даректүү тасма тартылууда

Белгилүү илимпоз-агартуучу, коомдук ишмер Ишеналы Арабаев тууралуу даректүү тасма тартылууда. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясы кабарлады. Аталган тасмага Бекболот Айдаралиев режиссерлук кылууда.

Коомдук ишмер тууралуу даректүү тасмага Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети колдоо көрсөткөн.

Арабаев 1882-жылы Кочкор районунун Күн-Батыш айылында жарык дүйнөгө келген.

1913-1916-жылдары Ысык-Көл жана Нарын аймактарында мектеп ачып, элдин сабатсыздыгын жойгон.

1916-жылы болгон Үркүндө эл менен Кытайга качып, 1917-жылы кайтып келген. Агартуучу өз жерине келгенден кийин Кытайда калган мекендештерин кайтарып келүү үчүн Лениндин өзүнө кат жазып, жаңы орногон бийликтен кыргыздарды алып келүүгө акча бөлдүрткөнү айтылат. Натыйжада 1920-жылы 300 миңге жакын кыргыз жана казак өз жерине кайткан.

1930-жылы “Социал-Туран” партиясын уюштурган деген жалган жалаа менен камакка алынгандардын катарында Ишеналы Арабаев да болгон. Ал 1933-жылы 11-майда камакка алынып, Фрунзеден Ташкенттеги түрмөгө которулган. Ошол эле жылы 7-июнда эртең менен камерадан Ишеналы Арабаевдин сөөгү табылган. Илимпоз 1958-жылы толугу менен акталган.