КР Жогорку Кеңешинин регламенти жана Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө конституциялык мыйзамдар талкууланды



Бүгүн, 16-июлда Бишкекте “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын жана ”Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө(“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө”, “Кыргыз Респубикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча төгөрөк стол өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Жумушчу топтун мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева конституциялык мыйзамдардын максаттары тууралуу айтып берди. Аталган мыйзам долбоорлору боюнча Жогорку Кеңештин аппаратынын атайылаштырылган экспертиза бөлүмүнүн башчысы Кызжибек Карабекова, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК регламенти бөлүмүнүн сектор башчысы Бейшенбек кызы Камила, юридика бөлүмүнүн башчысы Бабуржан Мамытов баяндама жасашты.
Андан соң талкуу суроо-жооп түрүндө уланды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы