Окуялар

Кечээ Сузакта сел жүрүп, 6 жаштагы кызды суу агызып кетти. ФОТО

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 20-июлда саат 17:00дөр чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүргөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Достук, Чаңгыр-Таш айылдарындагы кокту-колоттордон түшкөн сел суулар турак үйлөрдүн короолорун, ошондой эле Сузак – Кара-Дарыя унаа жолун каптаган.

“6 жаштагы М.А. аттуу кызды сел суулары агызып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө үчүн жана селдин кесепеттерин жоюу иш-чараларын жүргүзүүгө 50 куткаруучу, бир жүктөгүч, бир трактор, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган”, – деп айтылат маалыматта.

Related Articles

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button