Кытайда үй-бүлөдөгү үчүнчү бала үчүн салынган айып пул жоюлду

Twin boys Sun Qiyu and Sun Qichun hold China's national flags on the Tiananmen Gate in Beijing November 2, 2015. China must continue to enforce its one-child policy until new rules allowing all couples to have two children go into effect, the top family planning body said. The ruling Communist Party said last week that Beijing would loosen its decades-old one-child policy. The plan for the change must be approved by the rubber-stamp parliament during its annual session in March. REUTERS/Kim Kyung-Hoon - RTX1UCXH

Кытай бийлиги үй-бүлөдө төрөлгөн үчүнчү бала үчүн салынган айып пул жана дагы башка санкцияларды жойду. Бул тууралуу Известия басылмасы Xinhua агенттигине таянып кабарлады.

“Социалдык камсыздоо үчүн төлөмдөрдү жана башка чектөөлөрдү алып салуу чечими кабыл алынды. Социалдык камсыздоо боюнча төгүлүүчү төлөмдү кайра карап чыккандан кийин ал жоюлду жана тиешелүү айып пул боюнча жобо да жокко чыкты”, — деп айтылган маалыматта.

31-майда Кытайдын бийлиги жарандарына үчүнчү балалуу болууга уруксат берүү чечимин кабыл алганы кабарланган. Бул өлкөнүн картайып бара жаткан калкынын курамында жаштардын санын көбөйтүү үчүн жасалган.

Кытайдын мамлекеттик кеңешинин жарыяланган чечиминде, 2025-жылы өкмөттүн балдардын төрөлүүсүнө түрткү берген социалдык атайын системаны иштеп чыга турганы кабарланды.

1979-2015-жылдар арасында Кытайда катаал демографиялык саясат жүргүзүлгөн. Адам санынын көбөйгөнүн өлкөнүн жер, суу жана энергетикалык ресурстарды көтөрө албай калат дешкен. Кытай өз жарандарына бирден ашык балалуу болууга уруксат берген эмес. Катаал мыйзам боюнча, эгиз же бир нече түйүлдүк болуп, бир нече бала төрөгөн энелерге тийишкен эмес.

“Ал экинчи балалуу болууга тыюу салган тартипти бузгандарды мажбурлап аборт жасаттырышкан. 2016-жылдан тарта Кытай “бир үй-бүлө – бир бала” деп аталган саясаттан толук баш тарткан”, — деп жазылган маалыматта.

Кытай 2015-жылдан тарта өзгөртүүлөрдү киргизип, жарандарына эки балалуу болуу бактысын тартуулаган чечимдерди кабыл ала баштаган. Бирок буга карабай өлкөдө төрөттүн саны өскөн эмес.