Саясат

Жапаров Министрлер кабинетине табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине өлкө аймактарында табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы ар кандай табигый кырсыктар — сел, жер көчкү, суу ташкыны ыктымалдыгы жогорулап жаткандыгына байланыштуу, ишке тартылган мамлекеттик органдар менен тиешелүү кызматтардын кызматкерлери жогорку даярдыкта иштөө режимине өтүшү керектигин белгиледи.

Өлкө жарандарынын ден соолугу менен өмүрүнүн жана алардын мүлктөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сел, жер көчкү жана башка процесстер жүрүшү мүмкүн болгон кооптуу аймактарга туруктуу мониторинг жүргүзүп, көзөмөл кылуу зарыл.

Ошону менен бирге Министрлер Кабинетине Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы селдин кесепеттерин жоюу иштерин активдештирүү тапшырылды.

Президент Садыр Жапаров табигый кырсыктын кесепетинен каза болгондор менен жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Бардык жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан тиешелүү колдоо көрсөтүлөрү белгиленди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button