“Токио-2020”: Коронавирустун айынан алгачкы спортчу оюндан четтетилди

Япониянын Токио шаарында баштала турчу жайкы Олимпиада оюндарында коронавирустун айынан алгачкы спортчу оюндан четтетилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Чили курама командасынын мүчөсү таэквондо боюнча балбандын коронавируска каршы тапшырган тестинен вирус бар экени аныкталган. Мындан улам коопсуздук эрежелерине ылайык спортчу Олимпиада оюндарына катыша албайт.

Буга чейин тест тапшырган курама командалардын арасынан 8 адамдан анын ичинен 2 чет элдиктен коронавирус аныкталганы айтылган. Алардын биринин аты-жөнү ачык айтылбаса, бири Чехия курамасынан кум үстүндөгү волейбол боюнча машыктыруучу экени белгилүү болгон.

Токио шаарында өтө турчу Олимпиада оюндарына жалпы 19 миң спортчу жана 41 миң делегация мүчөлөрүнүн келиши күтүлүүдө. Оюндар чет элдик жана жергиликтүү көрүүчүлөрсүз өтөт.