Токио-2020: Айсулуу Тыныбекова чейрек финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында алгачкы беттешин жеңип, чейрек финалга чыкты.

Тыныбекова 62 кг салмактагылар арасында күч сынашып, алгачкы атаандашы латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде утуп алды. Эми Тыныбекова чейрек финалда венгриялык Марианна Систен менен кармашат.