Маданият

Кыргыз-казак өнөр адамдары ортосунда өткөн «Сармерден» айтышы жыйынтыкталды


Бишкекте кыргыз-казак өнөр адамдары ортосунда өткөн «Сармерден» айтышы жыйынтыкталды. Иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өнөр адамдарынын айтышына Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Казакстандын маданият жана спорт министринин орун басары Нуркиса Дауешов, коомдук-маданий ишмерлер жана кеңири коомчулук да күбө болду.

«Кыргыз жигиттери менен казак кыздарынын ортосундагы оюнга атайын калыстар тобу түзүлүп, Казакстандын жана Кыргызстандын эл артисттери менен толукталды. Манас, төкмөлүк өнөр, ашыктык жана достук ырлары, бий, макал жана жаңылмач айтуулар элдин бүйүрүн кызытып, иш-чара жогорку деңгээлде өттү», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин 24- августта кыргыз кыздары менен казак жигиттери ортосунда айтыш өткөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button