Окуялар

Ысык-Көлдө айдоочуну муунтуп, тоноого аракет кылгандар кармалды. ФОТО

Түп РИИБне Каракол шаарынын 61 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, эки белгисиз адам күч колдонуу менен автоунаасын тартып алууга аракет көрүшкөндүгүн билдирген. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

Жабырлануучунун айтымында, ал өзүнүн жеӊил автоунаасы менен жүргүнчүлөрдү ташып, оокат кылат. Болжол менен кечки саат 19.30 чамаларында, Каракол шаарынан болжол менен 20-25 курактагы эки белгисиз бала анын автоунаасына олтуруп, Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан дачага жеткирүүнү суранышат. Түп районунун Михайлловка айылынын түштүк тарабына жетип калганда, арткы олтургучта отурган балдардын бири, анын мойнуна жипти сала коюп муунтуп киргенде, экинчиси кабыргасы жана бөйрөк тушка колу менен ургулай башташат. Айдоочу күч менен муунтуп жаткан жиптен бошонуп, автоунаасын токтото калганда, белгисиз балдар тышка чыга калышып, Михайловка айылды көздөй качып, из жазгырып кеткендигин билдирген.

Арыз, Түп РИИБдин КЖБРне катталып, жазык кодексинин 202 (Каракчылык) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталат. Аталган кылмыштын бетин тез аранын ичинде ачуу максатында тийиштүү тергөө-ыкчам иштери колго алынып, эки сааттын аралыгында кылмышка шектүү болгон 2 жаран, Бишкек шаарына жол тосуп качып бара жаткан жеринен кармалышкан. Алар, Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну М.А. жана Жети-Өгүз районунун 25 жаштагы тургуну А.У. болуп чыгышты. Алгачкы жүргүзүлгөн суракта, шектүү катары милицияга алынып келингендер өз күнөөлөрүн моюндарына алышкан.

Түп райондук сотунун чечими менен шектүү катары кармалышкандарга 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button