Лейлекте өткөн классикалык күрөштүн жеңүүчүлөрү сыйланды

Кыргыз Улуттук классикалык күрөш федерациясы Баткен облусунда биринчи жолу республикалык деңгээлде жана жети дубандын жана Өзбекстан Республикасынын  балбандарынын катышуусунда күрөш турнирин өткөрдү. Бул тууралуу Улуттук классикалык күрөш федерациясынын президенти Доорбай Миңбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, күрөш 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата Лейлек районундагы Исфана шаарынын стадионунда атактуу палван, маркум Абдырахман Момуновдун жаркын элесине арналып уюштурулган.

«Байге фонду 300 000 сомду түзүп,  турнирдин демөөрчүсү Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы болду. Бөлүнгөн каражаттын 100 000 сому абсолюттук чемпионго берилди. Ал эми ар бир категорияга 65 миң сомдон бөлүнгөн. Анын ичинде, салмагы боюнча бөлүнгөн, мисалы 65–75 ке чейин салмактагылар, 75–90 кг чейин, анан  90 кг салмактан жогорку ар бир категориядагы 1-орунду ээлгендерге 30 000 сом, 2-орунга – 20 000 сом, 3-орунга 15 000 сомдон берилди. Жеңүүчүлөрдүн арасында коңшу өлкө Өзбекстандын балбандары да болушту. Жалпысынан мелдешке 10 миңден ашуун көрүүчүлөр келишти.

Баткен элине майрамдык маанай тартуулап, жаштарды сергек жашоого жана спортту сүйүүгө чакырып, колдоо көрсөткөн дирекциянын директору А.Ажигуловго терең ыраазычылык билдиребиз” – деп билдирди Доорбай Миңбаев.