Бишкекте 4000 жөө күлүк чуркаган марафон өтөт

Бишкекте ак илбирсти сактоого багытталган эл аралык Toyboss Snow Leopard Run — 2021 жарым марафону өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар, Nomad Sport коомдук бирикмеси билдирди.

Жарыш “Ала-Тоо” аянтынан башталып, калаанын негизги көчөлөрүн айланып 5, 14 жана 21.1 чакырым аралыкка чуркашат. Ошондой эле 3төн 10 жашка чейинки балдар да катыша алат. 10 жаштан жогорку балдар 1 чакырымга, 14 жаштан өткөндөр 5 чакырымга чуркаса болот. Ал эми 14 жана 21,1 чакырым аралыкка 18 жаштан жогорку курактагылар чыгат.

Toyboss Snow Leopard Run — 2021 жарым марафонуна 4000дей профессионал жөө күлүк жана спорт ышкыбоздору катышары күтүлүүдө. Байге фонду — 200 миң сом. Катышууну каалагандар nomadsport.net сайты же (+996) 554 60-07-07 номери аркылуу маалымат алса болот.

Аталган жарыш быйыл экинчи ирет өтүп жатат. Түшкөн каражаттын бир бөлүгү GSLEP — Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программасына которулат. 2019-жылкы жарыштан кийин 1 426 700 сом бөлүнгөн, ага 32 фотокапкан сатып алынган. Мунусунда марафондон түшкөн каражат “Нива” үлгүсүндөгү эки жолтандабас сатып алууга жумшалат. Бул ак илбирсти коргоо менен алектенген Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясынын ишине жардам берет.