Түптө чөп өрттөнүп, эки наристе чарчап калды – ФОТО

Түптө өрттүн кесепетинен эки наристе чарчап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ 14-сентябрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында турак үйдүн короосундагы чөп күйгөн. Жерине өрт өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 15:00дө өрт чектөөгө алынып, саат 17:45те толугу менен өчүрүлгөн.

Өрт кырсыгынын кесепетинен 2017-жылы жана 2015-жылы туулган кыз жана бала каза болгон.

Жалпысынан 600 түк чөп күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.