Жумгал милициясы мал уурулук менен алектенген шектүүлөрдү кармашты — ФОТО
2021-жылдын 22-июль күнү Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын тургуну 1990-жылы туулган Т.Э. Жумгал РИИБнө арызы менен кайрылган. Анда: 22-июль күнүнөн 23-июль күнүнө караган түнү мен жашаган үйүмдүн, мал короомдун ичинен белгисиз себептер менен койлорумдун арасынан 6 (алты) баш коюм жок болуп жатат деп билдирген.
Аталган факт Жумгал РИИБнүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Жумгал районунун тургундары 2000-жылы туулган А.А, 1999-жылы туулган С.У, 2001-жылы туулган Ж.Клар кармалып, толугу менен күнөөлөрүн мойнуна алышкан.
Шектүүлөр мындан башка да мал уурулук фактыларына катыштыгы бар экендиги аныкталган.Учурда тергөө иштери уланууда.