Коом

ВИДЕО: Кош бойлуу келинди милиция сабады деген маалымат боюнча түшүндүрмө беришти

Бүгүн, айрым ЖМКда Каракол ШИИБдин кызматкерлери кош бойлуу келинди сабагандан улам, келиндин боюнан беш айлык түйүлдүк түшүп калгандыгы жөнүндө маалымат тараган. Аталган маалыматты Акыйкатчынын Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, келиндин арызынын негизинде жарыялашкан.

Каракол шаардык ички иштер бөлүмү бул маалыматты четке кагып, маалыматта көрсөтүлгөн фактылар чындыка дал келбестигин белгилешип, окуя боюнча төмөндөгүлөрдү билдиришкен:

5-август күнү Каракол ШИИБне 22 жаштагы шаардын тургуну А.А. арыз менен кайрылып, ушул эле күнү болжол менен саат 14:00 чамасында чогу бир батирде жашаган бир тууган эжеси А.Г. жана жездеси Т. Н.  ортодо чыккан чатактан улам уруша кетишип, экѳѳлѳп сабап денесине жаракат келтиргенин билдирген. Уруштун негизги себеби болуп, анын паспортун уруксаты жок “залогко” койгондугу болгон.

Арыз Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жѳнүндѳ кодексинин 75 (Үй-бүлөдөгү зомбулук) беренеси менен катталып, сотко чейинки ѳндүрүш иши башталган жана соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча жабырлануучу адамга денесинен кыска мѳѳнѳткѳ залалын тийгизбеген женил дене жаракатын алгандыгы белгиленген.      

Жорук иши боюнча өткөрүлгөн сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 32 жаштагы А.Г. жана анын жолдошу 1990-жылы туулган Т.Н. жабырлануучу А.А. сабап үй-бүлѳлүк зомбулук кѳрсѳткѳндөрү аныкталганлыктан, аларга карата Кыргыз Республикасынын Жоруктар жѳнүндѳ кодексинин 75-беренеси менен шектүү катары кабарлама берилип, соттун кароосуна жѳнѳтүлгѳн.

«Ушундан улам, милиция кызматкерлерине карата А.Г. тарабынан коюлган айыптар чындыка дал келбейт жана өзүнүн жоопкерчилигин жашыруу максатында, мыйзам чегинде кызматтарын аткарып жаткан милиция кызматкерлерин каралоо менен коомчулукту туура эмес маалыматтарды жарыялап жаткандыгын белгилейбиз», — деп билдиришти Каракол ШИИБнен.

https://youtu.be/Mlk1KCK6ORY

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button