Кумтөр иши. Жээнбеков, Зулпукаров, Оторбаев, Нарымбаев жана Сариев 30-ноябрга чейин камакта калтырылды

Биринчи май райондук соту Кумтөр иши боюнча кармалган чиновниктерди 2021-жылдын 30-ноябрына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Ошентип, парламенттин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков, экс-премьер-министрлер Жоомарт Оторбаев жана Темир Сариев, мурдагы депутат Төрөбай Зулпукаров жана президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевдин баш коргоо чаралары узартылды.