Спорт

ВИДЕО: Айсулуу Тыныбекованын жеңиши, кыйынчылыктары, кайгысы жана кубанычы

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча алтын медал тагынган Айсулуу Тыныбекованын журналисттерге курган маеги Дүйнөлүк Күрөш уюмунун YouTube каналына жарыяланды.

Тыныбекова дүйнөнүн эки жолку чемпиону болуу менен өзүнүн жана өлкөсүнүн жаңы тарыхын жазып жатканын белгилеген.

“Дүйнөнүн эки жолку чемпиону болуу менен мен өзүмө-өзүм далилдедим. Буга чейин дүйнөнүн бир чемпиону бар болчу, (Кыргызстанда-ред.) ал мен элем. Бүгүн дүйнөнүн эки жолку чемпиону болдум, бул мени абдан кубандырат. Олимпиада оюндарынан кийин толук кандуу даярдана алган жокмун. Бирок ушундай даярдык менен жеңишти камсыздоо мен үчүн сыймык”, — деди Тыныбекова.

Балбан финалдык күрөш мурдагыларга салыштырмалуу жеңил өткөнүн, финалга чыгуу үчүн болгон үч күрөш тең эң оор болуп, акыркы секундаларда жеңишти жулуп алганын айткан.

28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова ушуну менен дүйнө чемпионатына 3-жолу катышты. Буга чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын алтын (Нур-Султан, 2019-ж.) жана коло медалдарын (Париж, 2017-ж.) тагынган. Токиодо өткөн Олимп оюндарында күмүш медал алган. Азиянын төрт жолку чемпиону.

Айсулуу Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына эки жолу чыгып, эки жолу тең жеңишке жеткен биринчи балбан. Ошондой эле ал Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери спорттун Олимпиадалык 29 түрүнөн дүйнө чемпионатында алтын байге алган алгачкы спортчу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button