Дүйнө

Россиядагы мигранттар мекенине насыяга каражат жөнөтө алат. Шарты

Россияда эмгек мигранттары мекенине насыялык каражаттарды которо алышат. Бул тууралуу «Ведомости» гезитине компаниялардын директорлор кеңешинин төрагасы Николай Смирнов айтып берди.

Саамалык 11-октябрдан тарта «Золотая корона» төлөм системасы аркылуу ишке ашмакчы. Насыяны «Страна экспресс» компаниясы берет.

Баштапкы этапта мигранттар 5-15 миң рублдин тегерегинде каражат ала алышат. 21 күндүн ичинде пайыз алынбайт, андан соң күнүнө 1 пайыздык коюм болот.

Смирновдун айтымында, насыяны «Мегафон» салондорунан алса болот. Жакынкы убакта башка да жактардан берүү пландалып жатат.

Төлөм кызматтарынын системасы жаңы продуктудан кирешени комиссиянын эсебинен табары айтылды.

Базалык коюм төлөм суммасынын 1 пайызын түзөт. Бирок 1000 рублден, 20 доллардан же 15 евродон ашпайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button