Саясат

Жаштар партиясы парламентке шайлана алабы?

Алдыдагы парламенттик шайлоого аттанган партиялардын катарында жалаң жаштардан куралган “Эл үмүтү” социалдык-саясий партиясы да бар.

Аталган партиянын башка партиялардан өзгөчөлүгү – партия курамы өңчөй жаш, таза, мамлекеттин келечегине кайдыгер карабаган активдүү жаш муундан куралгандыгы.

30 жылдан бери кыргыз эли көп саясатчыны, көп партияны бийликке алып келди. Бирок ошол эл шайлаган көп саясатчы эл ойлогондой болдубу? Жок, бул суроого биз эмес, эл жооп берсинчи!.. Эгер ошол эл шайлаган аткаминер эл ойлогондой болгондо, анда өлкөбүздө үч ирет революция болбойт эле.

Урматтуу кыргыз калкы! Жакшы эле жаңылдык. Алдандык, азгырылдык. Эми бул сапар алданууга акыбыз жок. Андыктан, жети өлчөп бир кесели. Айталы дегенибиз буга чейин бир нече шайлоолорду көрдүк. Эми биз тандоодон жаңылбайлы! Акыркы учурларда Кыргызстанда жаштар жанданып, эки, үч тилде эркин сүйлөгөн билимдүү, таланттуу, мамлекеттин келечегине кайдыгер карабаган жаштар саясатка аттанып жатканы саясий чөйрөнүн жаңыланууга мезгили келгенинен кабар берет. Бул сапар ушундай жаштар “Эл үмүтү” социалдык-саясий партиясына биригишти. Партияны шайлоого баштап бараткан партия лидери – Аскар Алмаз уулу. Өзүн мыкты лидер катары көрсөтө алган Аскар Алмаз уулу пандемияда карапайым калкка кол сунуп, элди дары-дармек, тамак-аш, ж.б. керектүү жабдыктар менен камсыздаган демилгелүү топту жетектеп, элдин ак батасына арзып, көпчүлүктүн көзүнө илинген.

“Бийликке жаштар келсин, бийликте жаңылануу болсун” деген эл арасындагы пикирлерди эске алсак, жарышка чыккан бул партиянын парламентке келүү мүмкүнчүлүгү жогору.

Биз “Парламентке жаштардын келүүсүнө кандай карайсыз? деген суроо менен айрым саясий экперттерге жана коомдогу белгилүү инсандарга кайрылып, ойлорун уктук…

Өмүрбек Абдырахманов, мурдагы депутат: “Демократиялык система курганга умтулган жаштарды колдош керек” – Кеп жаш-карыда деле эмес. Кеп мамлекетти өнүктүрө турган реформачыл көз карашта. Мурункуларды көрдүк, алардан реформачыл саясатчылар чыкпайт… Жаштардан үмүт этсек болот… Бирок жаштар да ар кандай. Жаштардын арасында билимсиздер, динге берилип кеткендер көп. Эгер жаштардын арасынан демократиялык система курганга умтулгандар чыкса колдосо болот.

Алмаз Акматалиев, саясат талдоочу: “Саясатчылардын табигый алмашуу заманы келди. Жаштарга ийгилик каалайм” – Баары шайлоочунун колунда да… Эскилерден тажашса, жаңыларды шайлашсын! Кеп бийликте эмес бүгүн, кеп шайлоочунун өзүндө. Менимче, эски саясатчылардын жүздөрүнөн чын эле эл тажап калгандай… Анын үстүнө, экинчи тур жок да бир мандаттуу округдарда. Жаштардын бир тобу өтүп кетиши мүмкүн. Саясатчылардын табигый алмашуу заманы келди. Тың жаштарга ийгилик каалайм.

Чолпонбек Сыдыкбаев, саясий илимдин кандидаты, доцент: Жаштардын мүмкүнчүлүгү жөнүндө сөз болгондо “Шайлоого кайра- кайра катыша берип, элди иренжитип, тажаткан эски саясатчыларды ордуна коюп, жаңы жүздөрдүн, жаштардын саясий тушоосун кесип бере турган электорат барбы?” – деген суроо жаралбай койбойт. Бийликке жаштар келсин, жаштарды шайлаш керек деген менен “эртеңки куйруктан, бүгүнкү өпкөнү артык көргөн кыргыз эли арзыбаган акчага добуштарын сатып, акчалуу, амалдуу эски саясатчыларды колдоп коюп жатышпайбы. Анын үстүнө жаштарда элди мобилизациялоо, программа, идеяларды элге жеткирүү боюнча тажырыйба аз болуп жаткандай. Билимдүү жаштар биригип, программа, идеяларын элге кеңири тааныштырып, өздөрүн жакшы көрсөтүшсө эл колдоп берет. Бул шайлоодо жаштардын мүмкүнчүлүгү жогору.

Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер: Парламентке мурда деле жаштар келип жүрүшкөн. Ал турсун, алардын квоталары дагы бар болчу. Кана, кимиси мамлекеттик деңгээлдеги ишмер болуп чыгышты? Бирин-экин бардыр. Бирок, көпчүлүгү элдин канын соргон ууру-олигархтарга айланып кетишти го? Эгер жаш саясатчы кыйын болсо, «Карылар кетсин же өлсүн!» — дебестен алардын ортосуна топ бузуп кирип, элдин ишеними ээ болсун да! Андан башка жол жок. Болбойт дагы. Ал үчүн бекем билим, тажрыйба керек! Бирок, курч жаштарыбыз бар. Алардын келечеги алдыда.

Келдибек Ниязов, Кыргыз эл артисти:Жаштардын аламан жарышка аттанып жатканын угуп абдан кубанып турам. Чынында эски саясатчылардан арылууга мезгил келди. Эскилер жыдыса деле болбой, саясаттан кеткилери келбей, илээшип жатканы өкүндүрөт. Бул жолку шайоодо дагы эскилердин бир тобу талапкерлигин коюптур. Элге айтат элем, эскилерди шайлабагыла. Эскилерди шайласаңар буга чейин кандай жашасаңар, дагы деле ошондой жашай бересиңер. Өнүгөлү, өсөлү десеңер жаштарды колдогула.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button