ИИМ: Түрмөгө баңгизаттарды ташуу фактысы боюнча соттолгон адамдар менен алардын шериги кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин 3-башкармалыгынын кызматкерлери  ЖАМКтын тергөө жана ыкчам башкармалыктары менен биргеликте ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чараларын  жүргүзүшүп, натыйжасында  эркинен ажыратылган жерге баңгизаттарды ташуу менен байланышкан кылмыштын бетин ачышты.  Иш-чаранын жыйынтыгы менен өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташууга соттолгондордун дагы тиешеси бардыгы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын маалыматы боюнча 2021-жылдын мартында болжол менен таңкы саат 04:00до белгисиз адамдар ЖАМКтын №1 мекемесинин аймагына баңгизатты ыргытып кетишкен. Бирок баңгизат салынган баштык көздөгөн жерине түшпөй, укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан табылып алынган. 

Түзөтүү мекемесинин аймагындагы окуя болгон жерден  өзгөчө жыты бар баңгизат салынган 10 литрлик желим канистр, 5 литрлик бөтөлкө табылган.  Экспертизанын корутундусу боюнча 1,868 килограмм  марихуана жана 42,072 грамм гашиш экендиги аныкталган. 

 ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын кызматкерлери ЖАМКтын тергөө жана ыкчам башкармалыктары менен биргеликте баңгизатты түрмөгө алып кирүүнү көздөгөн соттолгондорду аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

 Мындан аркы тергөө амалдары Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин  267-беренесинин 3-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо)  менен жүргүзүлө баштап, ИИМдин жана ЖАМКтын кызматкерлери соттолгондордун арасындагы шектүүлөрдүн изине түшүшкөн. 

 Шектүүлөрдүн бири жаран К.Э. ЖАМКтын №1 мекемесинде  жазасын өтөп жатат. ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын маалыматы боюнча жогорудагы жаран К.Э. башка соттолгон адамдар менен сүйлөшүп алып, андан соң алар шериктери менен байланышып, баңгизаттарды ташуу жөнүндө макулдашышкан.  Тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде жаран К.Э.ге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 39-267-беренесинде көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө кабарлама берилди.

 Чүй облусунун Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери соттолгондордун шериктерин кармоо боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын негизинде 2021-жылдын июнь айында ЖАМКтын мекемесинин бирине баңгизаттарды ташыган жаран Т.М. кармалган.  Аламүдүн райондук сотунун токтому менен ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

 Азыркы учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.