Саясат

Марипов: Акылбек Жапаровдун президент, эл койгон талаптарды аткарганга толук мүмкүнчүлүгү бар

Мурдагы министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов соцтармактагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, кайрылуу жасады.

Марипов жаңы төраганын милдетин аткаруучу менен чогуу жемиштүү иштегенин жана ал тажрыйбалуу, дасыккан жетекчи экенин айтат.

“Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Жапаровдун ишине ийгилик каалайм, командасы менен бирге президент, эл койгон талаптарды так аткарганга толук мүмкүнчүлүк жана шартары бар”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын — президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Ал эми Улукбек Марипов ээлеген кызматынан бошотулган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button