Дүйнөдө депрессияга кабылгандар көбөйдү. Изилдөө

COVID пандемиясынын биринчи жылы депрессия жана коркуу сезиминде болгондордун саны 26 пайызга өстү. Бул тууралуу окумуштуулардын эл аралык тобунун изилдөөсүндө айтылганын Lancet басылмасы жазды.

Окумуштуулар 2020-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 29-январына чейинки ачык маалымат булактарына таянышкан. Бул — пандемиянын жер жүзүндөгү адамдардын психологиясына тийгизген таасири тууралуу биринчи изилдөө. Адистердин айтымында, пандемиядан көбүрөөк жабыр тарткан өлкөлөрдө жашагандар арасында депрессия болгондордун саны 246 миллионго жеткен. Башкача айтканда, 27,6 пайызга көбөйгөн. Ал эми коркуп жашап калгандардын саны 28 пайызга, же 374 миллион адамга көбөйгөн.

Баарынан көп Борбор Азия менен Түштүк Американын жашоочулары жабыркаганы айтылды. Аймакта депрессия болуп, корккондордун саны 30-35 пайызга өскөн. Ал эми Австралия, Кытай, Япония, Финляндия жана Жаңы Зеландиядан мындай учурлар өтө аз катталганы маалым болду. Депрессияга көбүнчө аялдар кабылган.

20 жаштан 24 жашка чейинки жаштар арасында да коркуп, санааркагандардын саны жогорулаганы айтылды. Ага караганда улгайган адамдарда андай учур аз байкалган. Адистер буга бир гана пандемия эмес, оору менен алышуу, локдаун, кыймылга чектөө киргизүү, окуу жайларын жабуу да себеп болгонун кошумчалашкан.

Психологдор коронавирус жакшы изилденбегендиктен, адамдар өлүм санынан кооптонуп жатканын белгилеген.