Акылбек Жапаров: “Президенттин ишеничин актаганга болгон аракетибизди кылабыз”

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин курамы каралып жатат.

Анда Акылбек Жапаров президенттин ишеничин актаганга аракет кыла турганын айтты.

“Бул трибунада көптөр турган. Баары ишенимди аткаруу үчүн аракеттерин жасады. Мен жана биздин муундагы саясатчылар 30 жылдын ичинде болуп жаткан окуяларга жооптуубуз. Бирок азыркы муундагы саясатчылар үчүн бир жолу, мүмкүн акыркы жолу мүмкүнчүлүк берилип жатат. Мен бул мүмкүнчүлүктү колдонгонго аракет кылам деп сиздерге сөз берем. Президенттин ишеничин аткарганга аракет кылам”, – дейт ал.