Окуялар

Ысык-Көлдө машинаны уурдап, айдап качып бараткан 55 жаштагы киши кармалды. ФОТО

10-октябрь күнү Ысык-Көл РИИБне Бактуу-Долоноту айылынын 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, ушул эле күнү болжол менен саат 9.00 чамаларында азык-түлүк дүкөнүнүн жанына токтотуп койгон «Ниссан» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адамдар айдап качып кеткендиги жөнүндө билдирген.  Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

Жабырлануучунун арызы, райондук милициянын КЖБРне катталып, жазык кодексинин 206 (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Милиция кызматкерлери ыкчам иш аракеттерди көрүшүп, көпкө узабай кылмышка шектүү жарандын изине чыгууга үлгүрүштү. Автоунааны айдап качканга  шектелип, Бишкек шаарынын 55 жаштагы тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон Д.К. болуп чыкты. Алгачкы суракта, кылмышка шектүү катары Ысык-Көл РИИБне алып келинген жаран өз күнөсүн толугу менен мойнуна алды.

Учурда, тергөө амалдары уланууда. Кылмышка шектүү жаран камака алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button