Ишкер Эркин Салымбеков бир айга камалды

Бизнесмен Эркин Салымбеков УКМКнын тергөө абагына бир айга чейин калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту кабарлады.

Анын баш коргоо чарасы тандалып, сотко чейинки өндүрүш иши аяктагыча, тагыраагы, 6-декабрга чейин камакка алынган.

Буга чейин Эркин Салымбековдун УКМК тарабынан кармалгандыгы маалымдалган болчу. Ишкердин эмне себептен кармалганы боюнча маалымат бериле элек.

Эркин Салымбеков “Дордой-Дыйкан” базарынын директору. Ишкер Аскар Салымбековдун иниси.