Эдил Байсалов: Демократия — бул бекерпоз, билимсиз адамдын комментарий жазышы эмес

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактар аркылуу коомдук пикирдин пайда болуусу боюнча аткаруу бийлигинин позициясын билдирди. Ал КТРК телеканалына маек курган.

Байсаловдун айтымында, алдыңкы демократиялык өлкөлөрдө социалдык тармактын пикирин көрсөткүч катары кабыл алуу, ошого жараша иш алып баруу туура эмес деп эсептелинет. Байсаловдун пикиринде, демократия — бул өлкө башчы менен парламент эркин шайлоодо тандалып, мөөнөтү аяктаганга чейин гана иштөөсү.

“Демократия — бул кайдагы бир бекерпоз, акмак жана билимсиз адамдын комментарий жазышы эмес. Мунун айынан канчалаган өкмөттүк программалар токтотулду. “Эл муну каалабайт экен, эл муну түшүнбөйт экен” дешти. Алдыңкы демократиялык өлкөлөрдө социалдык тармактын пикирин көрсөткүч катары кабыл алуу, ошого жараша иш алып баруу туура эмес деп эсептелинет. Эмнеге? Өкмөттүн узак мөөнөттүү планы болушу керек”, — деди Байсалов.

Ал бийлик социалдык тармактын ар бир колдонуучусунун “пикирин угуп отурса” эмне болорун айтты.

“Үй курулуп жатканда жанына 600 киши туруп алып “мындай кур, тигиндей кур” деп буйрук берип турса, куруучу кантип иштейт? Ал эми 60 же 600 эмес, 6 миллион киши сүйлөсөчү? Силер эми 6 миллион киши туруп алып сүйлөп, өкмөт алардын какафониясын аткарганын демократия деп эсептейсиңерби? Жок! Сен белгилүү бир учурда шайланып, команда топтоп, иштей баштайсың. Албетте, коомдук пикирге көңүл буруу керек. Бирок мүнөт сайын чыккан кыйкырыктарга эмес”, — деди ал.

Ошондой эле Байсалов өкмөт жарандык коомдун өкүдөрү менен таптакыр башкача мамиле түзөрүн кошумчалады.

“Бирок социалдык тармакта отургандар өздөрүн өкмөт мүчөлөрүнөн акылдуу санаган учурларда эмес. Алар эл эмнени каалаарын жакшы билип, ал эми өкмөт адашып, аларды угат деген түшүнүк болбошу керек”, — деди аткаминер.

Сөзүнүн аягында орун басар Facebook тиркемесин смартфонунан өчүрүп салганын жана муну башка өкмөт өкүлдөрүнө сунуштай турганын айтты.