Маданият

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев көз жумду

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев 86 жашында көз жумду. Бул тууралуу социалдык тармак аркылуу небереси Дастан Байжиев билдирди.

Маалыматты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тастыктады.

Кыргыз эл жазуучусу, сценарист, драматург, публицист, журналист Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келген.

1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты факультетин бүтүрүп, кийин Москвадагы киносценарист жана кинорежиссёрлук жогорку курсун да аяктаган. «Кыргызфильм» студиясында, Маданият министрлигинде, «Литературная газета» басылмасында иштеген.

«Манас» эпосу жөнүндө тасмага, «Алтын күз», «Ак илбирстин тукуму», «Бирөөнүн бактысы», «Нокдаун» өңдүү фильмдердин сценарийин жазган.

Ошондой эле «Балдар бойго жеткенде», «Эрөөл», «Эр намысы», «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөө», «Алтынчы күнү кечинде», «Узак сапардагы поезд» пьесаларынын автору.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button