Спорт

Бүгүн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык үч балбан килемге чыгат

Бүгүн 23 жашка чейинкилер арасындагы (U23) дүйнө чемпионаты башталып, грек-рим күрөшүнөн кыргызстандык үч балбан килемге чыгат. Бул тууралуу Кыргызстандын Күрөш федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Алгачкылардан болуп 55 килограмм салмакта Акыйкат Кулжигит уулу сербиялык Себастьян Kоломпар менен 1/8 финалдык баскычта кармашат.

77 килограммда Акылбек Талантбеков түркиялык Эркан Ерген менен баштапкы этапта күч сынашат. Ал эми 87 килограмм салмакта Азат Салидинов 1/8 финалда казакстандык Максат Сайлау менен таймашат.

2021-жылдагы 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионаты Сербиянын Белград шаарында өтөт. Таймаштар Бишкек убактысы боюнча 15:30да башталат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button