ЖКККББ айдоочуларга автоунаанын «жайкы дөңгөлөгүн» алмаштырууну эскертет!

Күз кыш мезгилдеринин келиши менен суук да башталууда — деп эскертет гидрометборбору. Бирок, кээ бир айдоочу арасында, жылдын суук мезгилинде жайкы дөңгөлөк менен жүрө берүү болот деген да пикир бар. Бул жаңылыш пикир!
Адатта жаан аралаш кар баскан учурлар, аба ырайынын температурасынын күн сайын секирүүсү жокко чыгарылбайт, ошондуктан «жайкы дөңгөлөктөрдү» алмаштырууну туура эмес көргөн жеңил ойлуу айдоочулар ушундай табигый кубулуштардын аркасынан кырсыка учурап калышы мүмкүн. “Жайкы донгөлөктөр” суук аба ыраында коркунуч туудурат, алар тез токтоо сапатын жого баштайт. Катуу суукка дөнгөлөк тоңуп калат. Акыры, кыймылда жүргөндө коркунуч туудурат.
Дөнгөлөктү өз убагында алмаштыруу айдоочуга жол кырдаалын бекем сактоого мүмкүндүк берип, авариялык абалдан сактайт, демек жол кыймылына катышуучулардын өмүрүн жана ден-соолуктарын сактап калат. Тайгакта жайкы дөнгөлөктүн токтоо мүнкүнчүлүгү эки эсе аз болоорун эсиңизден чыгарбаңыз.
КР ИИМнин ЖКККББ айдоочуларды “кышкы дөңгөлөктөргө” күн мурун алмаштырууну, автоунаанын техникалык абалын текшерүүнү, жүрүп бара жатканда болушунча этияттык жана сак болууну, ылдамдыкты сактоону, коопсуз аралыкты жана маневр жасоо эрежелерин сактоону өтүнөт.
Өзүңөрдүн милдетиңизди так аткарып башка жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүн жана ден соолугун сактаңыз!
КР ИИМ ЖКККББ басма-сөз кызматы



