“Ата-Түрк” паркында уюлдук телефон тоноого шектелип төрт жигит кармалды


Бишкектин “Ата-Түрк” паркында уюлдук телефон тоноого шектелип төрт жигит кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрда саат 02:00дөр чамасында “102” кызматына “Ата-Түрк” эс алуу жайында уюлдук телефон тонолгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн. Жеринде 19 жаштагы А.И. аттуу жигит арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен белгисиз жарандар арыз ээсин тапанча менен коркутуп, баасы 14 миң сом турган Redmi Note 9 үлгүсүндөгү телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкени жазылган.

Шектүү катары 17 жаштагы Г.У., Р.Б., А.Д. жана 20 жаштагы А.А. аттуу жарандар кармалып, Октябрь райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 201-берененин (“Тоноо”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.