БШК Момбековду шайлоодон четтетти

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына “Социал-демократтар” партиясынан талапкер Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетти. Бул тууралуу чечимди БШК 24-ноябрдагы отурумунда кабыл алды.

БШК мындай чечимди Билим берүү жана илим министрлиги жөнөткөн каттын негизинде кабыл алган. Министрлик Момбеков 1997-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырганы жана 2003-жылы окуу жайды бүтүргөнү тууралуу архивдик материалдарда документтер табылбаганын билдирген.

Билим берүү министрлиги Рыскелди Момбеков көрсөткөн дипломдун каттоо номери 2003-жылы бухгалтериялык каттоо адистиги боюнча башка адамга берилгенин аныктаган. Ошондой эле, министрлик Момбековдун биринчи диплому жасалма болгондуктан экинчи диплому мыйзамсыз экенин билдирген.

Буга чейин атайын кызмат Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбеков 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүткөнү тууралуу жасалма диплом алганы боюнча БШКга маалымат берген. Атайын кызмат Момбеков бул жасалма диплом менен 2011-жылы Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, эки жылдан кийин экинчи жогорку билимге ээ болгон деп билдирген.

Саясатчынын өзү мындай айыптоону кескин четке кагып келет. БШК жыйынында Момбеков дипломдор жоголуп кеткени, бирок Дипломатиялык академиянын дипломунун көчүрмөсү бар экенин айткан.

Рыскелди Момбеков – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты. Ал 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого “Социал-демократтар” партиясынан талапкер болуп бараткан.

2021-жылы кабыл алынган жаңы Шайлоо мыйзамына ылайык Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жогорку билимдүү болушу керек. “Ата Мекен” партиясы аталган норма адамдын конституциялык укугун чектейт деп Конституциялык сотко кайрылган.