Коом

Коронавирус. 37 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду

Өлкөдө соңку суткада коронавирус инфекциясы 37 кишиден аныкталып, эки адам көз жумганын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек — 19;
  • Талас — 1;
  • Ысык-Көл — 6;
  • Жалал-Абад — 3;
  • Баткен — 8.

Пандемиядан бери 183 285 адам ооруду.

Көз жумган эки киши Баткенде жана Чүйдө дарыланып жаткан. Ушуну менен оорудан каза болгондордун саны 2 743кө жетти.

Акыркы суткада коронавирус инфекциясын 64 бейтап жеңди. Баш-аягы 178 112 адам сакайды.

Учурда стационарда 430, амбулатордук дарылоодо 463 бейтап бар. Ооруканада 174 адам оор абалда жана 33 киши өтө оор абалда жатат. Калганы канааттандырарлык жана орточо абалда экени айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button