Кербен, Сулайман-Тоо, жарым ай жана жылдыз. Ош шаарынын бренди иштелип чыкты

Бүгүн, 17-декабрда, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов туризм тармагын өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан Ош шаарынын брендин презентациялады.

Ага президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары, шаардык кеңештин төрагасы, мекеме-ишканалардын жетекчилери, туристтик компаниялар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Эми Ош шаары дүйнөлүк туризм тармагына өзүнүн бренди менен чыгат. Борбор Азиядагы шаарлардын арасында эң алгачкы жолу Ош шаары өзүнүн туристтик брендин иштеп чыкты. Туристтик логотип үчүн конкурс жарыяланып, ага 70тен ашык эмгек келип түшкөн. Атайын түзүлгөн жумушчу топ тарабынан россиялык Михаил Чулиндин логотиби жактырылды. Брендде Улуу Жибек Жолун чагылдырган кербен, Оштун символу болгон Сулайман-Тоо, жарым ай жана жылдыз камтылган. Жеңүүчү болгон дизайнерге Ош шаарынын мэриясы тарабынан 100 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Иш-чарада улуттук кийимдердин көргөзмөсү болуп, туризм тармагынын өкүлдөрүнүн жакындан баарлашуусу менен коштолду. Ошондой эле бир катар мекемелерге, адистерге туризм бул жаатта кошкон салымы үчүн Ош шаарынын мэриясынын ыраазычылык баракчалары ыйгарылды.