Дүйнө

Өмүрдү чектегенден көрө, майрамды чектеген жакшы. ДССУ майрамдык кечелерди токтотууга чакырды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун «омикрон» деген вариантынан сактануу үчүн алдыдагы жаңы жылдык кечелерди өткөрбөй турууга чакырды.

«Өмүрдү чектегенден көрө, майрамдык кечени чектеген жакшы. Майрамдап алган соң, жакыныңыздын коштошуу зыйнатына баргандан көрө, кийинчерээк белгилеген жакшы»,-деди уюмдун баш катчысы Тедрос Адханом Гебрейсус.

Ал ошондой эле баары пандемиядан чарчаганын, бирок бул апааттын аягына чыгуу үчүн мамлекет башчыларына оор чечимдерди кабыл алууга туура келерин кошумчалады.

Женевада 20-декабрда өткөн маалымат жыйында сүйлөп жатып Гебрейсус коронавирустун жаңы штаммы буга чейинкилерге караганда кыйла жугуштуу экенин жана эмделген, буга чейин ооруп айыккан адамдар да ага чалдыгып жатканын белгиледи.

Жакыр мамлекеттерде аялуу топко кирген адамдарга вакцина жетпей жаткан маалда жаштарга үчүнчү доза сайып жаткан өнүккөн мамлекеттерди сынга алды.

20-декабрда АКШда «омикронго» чалдыккан адамдын өлүмү катталды. 50 жаштан өтүп калган адам буга чейин эмделбегени маалым болду. АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматына ылайык, учурда өлкөдө ооругандардын көбүнөн «омикрон» аныкталууда.

Жаңы штамм ноябрдын орто ченинде Түштүк Африкада алгачкы жолу аныкталган. Коронавирустун буга чейинки түрлөрүнөн айырмаланып, ал көп жолу мутацияланган. Кыргызстанда азырынча «омикронго» чалдыккандар расмий каттала элек. Орусияда 25 кишиден табылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button