Дүйнө

Талибдер дарыгерге эркектин коштоосу жок келген аялга медициналык жардам көрсөтүүгө тыюу салды

Ооганстандын Газни провинциясында «Талибандын» (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) бийлиги дарыгерлерге эркектин коштоосу жок барган аялдарга медициналык жардам көрсөтүүгө тыюу салды.

Бул тууралуу Etilaatroz басылмасы Саламаттык сактоо министрлигиндеги булакка таянып билдирди.

Буга чейин аялдар ооруканаларга туугандарынын коштоосунда келчү. Талибдердин атайын комиссиясы эми эркектер коштоп барбаган учурду «мыйзамсыз жана адеп-ахлаксыз» деп тапты. Дарыгерлерге мындай бейтаптарга жардам көрсөтпөө жана ооруканага киргизбөө талабы коюлду.

Басылмага маалымат берген булактар, тыюу Ооганстандын башка провинцияларына да тийиштүү экенин билдиришкен. Декабрдын ортосунда аялдарга жүзүн жана дене мүчөсүнүн кайсы бир бөлүгүн ачууга тыюу салган.

Ооганстанда аялдарына кара түстөгү бурка, денесин толугу менен жапкан паранжа же көзүн гана көрсөткөн никаб кийүүгө гана уруксат берилген.

Бул «Талибандын» аялдарга байланыштуу биринчи чечими эмес. Ооганстанда талибдер бийликке келгенден кийин 231 жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жабылып, 6400 журналист жумушсуз калды.

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму менен Ооганстандын эркин журналисттер бирлиги тараткан кошмо баяндамада жумушсуз калган журналисттердин 84% аялдар экени айтылат. Өлкөнүн 34 облусунан 15инде бардык аял журналисттер иштен бошотулган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button