Саясат

Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 24-декабрда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчылары кыргыз-азербайжан эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттарын, түрдүү тармактарда өз ара байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров Илхам Алиевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктап, ага чың ден соолук, ошондой эле жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Ал тарыхый достуктун жана өз ара урматтоонун бекем салттарына негизделген өлкөлөрдүн биргелешкен кызматташтыгын жогору баалап, бул иште Илхам Алиевдин жеке чоң салымын баса белгиледи.

Өз кезегинде Азербайжандын президенти Ильхам Алиев куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, ал азербайжан тарап биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button