Саясат

Азимбек Бекназаровдун Башкы прокуратурада сурак берип жатканы кабарланды

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровдун Башкы прокуратурада 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча сурак берип жатканын жеке булактар кабарлады. Азырынча Башкы прокуратурадан маалымат бериле элек.

2021-жылдын аягында «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов июнь окуясы боюнча Башкы прокуратурага сурак берип чыккан.

2021-жылы парламенттик шайлоодон кийин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев июнь окуясы, Дача СУ конушуна учактын кыйрашы, “Аврора” пансионатынын аймагынан кыймылсыз мүлктү улутташтыруудан чыгаруу сыяктуу кылмыш иштери боюнча тергөө уланып жатканын, жакында коомчулукка маалым болорун билдирген.

“Аврора” пансионатынын аймагынан кыймылсыз мүлктү улутташтыруудан чыгаруу, 2017-жылы «Манас» аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна учактын кулашы жана 2010-жылдагы июнь окуяларына байланыштуу иштерди кайра иликтөөнү президент укук коргоо органдарына тапшырган болчу. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button