Пайдалуу кеңештер

Кайсы азыктар уйкусуздукту чакырат? Адистин кеңеши

Диетолог Елена Кален кечинде жеген айрым азыктар уйкуну качыра турганын айтып, аларды тизмектеп бергенин РИА Новости жазды.

Адис адамда уйку канбагандык көнүмүшкө айланып кетсе иммунитети түшүп, организмде стресс гормондору топтолуп, абалы начарлап баштай турганын белгилеген. Мындан тышкары, жакшы уктабаган киши бат чарчап, жини келип, тамакты көп жеп калат.

«Куурулган эт же гриль, помидор, баклажан, консерваланган азыктар, туздалган балык же жашылча, авокадо, сыр сыяктуу тамактар уйкуну качырышы ыктымал. Булардын курамында тиранин көп. Амин кычкылы организмге киргенде стресс гормонун пайда кылат. Жатарда бул азыктарды көп жеп алган адамдын уйкусу ачылып, түндө уктай албай кыйналышы мүмкүн», — деген Кален.

Ал уктаар алдында сельдерей чөбү сыяктуу заара чакырган азыктардан да алыс болууга чакырган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button