Коом

Бактыбек Калмаматов үй камагына чыгарылды

Аймактар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн кармалган экс-депутат Бактыбек Калмаматов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Эскерте кетсек, УКМК тарабынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Калмаматовдун социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык кастыкты козутууга тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат алынган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тергөөнүн жүрүшүндө Калмаматовго карата алынган маалыматтар тастыкталды.

Иш боюнча топтолгон далилдердин жана тиешелүү экспертизанын корутундусунун негизинде, 2021-жылдын 22-декабрында бул кылмышка шектүү катары Калмаматов кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button