Пайдалуу кеңештер

«Омикрондон» тез сакайгыңыз келсе кайсы тамактардан баш тартуу керек? Адистин пикири

Коронавирустун «омикрон» штаммына кабылган учурда фастфуд менен таттуулардан баш тартуу керек. Тамактын бул түрлөрү сакаюуну кечеңдетерин медицина илимдеринин кандидаты, үй-бүлөлүк дарыгер Сергей Чудаковго шилтеме берип РИА Новости жазды.

«Адамдар ооруп жатканда тамакка табити жоголуп, таттууларды же фастфуд жегиси келет. Бирок бул азыктарда витамин болбогон соң иммунитеттин бекемделишине эч кандай жардам бере албайт. Андан көрө жашылча же С витаминине бай кычкыл жемиштерди жеген туура», — деди адис.

Айрым адамдар кайнатылган же бууга бышкан тамактарды жегиси келбей калат. Мындай учурда дарыгер эт менен жашылчаны көп туздабай, бирок шишкебек сыяктуу мангалга кактап бышырса болорун айтат. Чокко бышкан тамакты көргөндө адамдын табити ачылып, азык-түлүктөр дагы пайдалуулугун жоготпойт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button