Окуялар
Бишкекте кудуктан 28 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Бишкек шаарынын Октябрь районунун Абай көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жанындагы кудуктун ичинен 28 жаштагы эркектин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ал 1994-жылы туулган Ө.Б. аттуу эркек киши экени аныкталды.
Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.



