Саясат

Президент Садыр Жапаров: Эл сыймыктары улуттун уңгусу менен өзөгүн түзөт

“Эл сыймыктары калың журт үчүн шам чырак болуп, аларды алга сүрөп, шык-дем берип, акыры улуттун уңгусу менен өзөгүн түзүп калат”- деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-февралда, ишмердүүлүгүндө өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде.

Президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүн келтирет:

“Бүгүнкү сөзүмдү: «Жалпы эл-журттун назарына илинген инсандарды учурунда баалап-барктап, кастарлап алуу — улуттук рухту даңктоого жана шыктандырууга багытталган мамлекеттик саясат болуп эсептелет» деген сөздөр менен баштагым келип турат.

Андыктан, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле кесиптик ишмердигиндеги албан жетишкендиктери үчүн бир катар мекендештерибиздин эмгегин баалап, мамлекеттик сыйлыктар жана наамдар менен сыйланып жатышы — жалпы коомчулук сыймыктана турган окуя.

Кудай берген таланттын, же талбай иштеп, талбай изденүүнүн, өз кесибин сүйүп мээнет төгүүнүн акыбети сөзсүз кайтары мына бүгүнкү сыйлык ээлеринин басып өткөн байсалдуу жолунан эле ачык көрүнүп турат. Коомчулук сыймыктанган эл сыймыктары калың журт үчүн шам чырак болуп, аларды алга сүрөп, шык-дем берип, акыры улуттун уңгусу менен өзөгүн түзүп калат тура.

Элибиздин сый-урматына татыган ар кыл кесиптин чыныгы кесипкөйлөрүнүн эмгегин баалоонун өзү эле мен үчүн дагы ары сыймык, ары кубаныч, ары атуулдук милдет болуп турат! Сыйлык ээлерин чын жүрөктөн куттуктап, Ата Мекен алдында кылган ак кызматыңар үчүн силерге ыраазычылык билдирем.

Эми, мамлекеттик сыйлыктар менен наамдарды ыйгаруунун бул жолку себептерине токтоло кетейин.

Өнүгөм деген өлкө эң ириде мамлекеттеги билим берүү системасына олуттуу мамиле кылуусу шарт экенин дүйнөлүк тажрыйба тастыктап келе жатканы жакшы маалым.

Мына ошондуктан, эң алды менен мугалимдин айтканы санат, учканга канат экенин эске алганыбызда, бүгүнкүдөй бир жагынан пандемияга айланган коронавирус илдети өкүм сүрүп турган чакта;

— экинчи жагынан, экономикалык абалдан улам төккөн мээнетине жараша, эмгеги бааланып, татыктуу маяна ала албай турган маалда;

— үчүнчүдөн, улам жаңы муундун көз карашы өзгөрүп, аларга билим берүү ыкмалары, окуу куралдары, окуу материалдары шайкеш келбей жаткан учурда, кыскача айтканда, бул тармактын кескин реформасы талап кылынып жаткан заманда келечек муундарга татыктуу тарбия менен терең билим берүүнүн түйшүгүн тартып, алдыга коюлган максаттарга жетүүгө бар күч-кубатын, бүт өмүрүн арнаган мугалимдерибиздин эмгеги опол тоодой экенин эч ким тана албас.

“Аты аталса, куту сүйүнөт” дегендей, алардын ичинен “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” сыйлыгына татып олтурган Өмүрзак Мамаюсупов, Халима Ашырбаева, Маша Чыныбаева сындуу эжей-агайларыбыздын ысымдарын атасам, алардан таалим-тарбия алган канча муун өкүлдөрү, канча мектеп бүтүрүүчүлөрү кубанычы койнуна батпай, маңдайлары жарыла сүйүнүп турары анык.

Ал эми колунун эми өтүп, Жараткандын амири менен шыпаасын тийгизип келген ден соолук сакчыларынын түмөн түйшүк эмгегин кимдер баалабайт!? Аларга чын жүрөктөн чыккан ыраазычылык сөздөрүн айтпаган жан болбосо керек. Айрыкча, ак халатчандарыбыздын кадыр-баркы дүйнөнү тооруган коронавирус илдетине каршы күрөшүп жатканда айрыкча билинди. Катарында Иванюк Людмила Владимировна, Касиетхан Бекибаева, Канышай Осмонова, Айчүрөк Жумалиева жана башкалар турган жоон топ дарыгерлердин, врачтардын сыйланып жатышы — айтылган сөздөрдүн далили. Ал эми, Мамбетакун Намазбеков он беш миңден ашуун кан-тамыр ооруларын хирургиялык жол менен дарылап, ондогон ойлоп табуулардын автору болууга жетишсе, Надырбек Аскаров аттуу жараныбыз жакырчылыкта жашаган жалгыз бой адамдарды жана кары-картаңдарды коронавирус илдетинен сактап калууда жан аябай көмөк көрсөткөн.

Кандай гана жагдай болбосун, кандай гана кырдаалга кириптер болбойлу, маданият тармагынын, адабият менен искусство жаатынын кызматкерлеринин чаалыкпай эмгектенип, кылымга калчу көркөм дөөлөттөрдү жаратып жатышы суктана турган көрүнүш.

Сексен жашка чыкканча эң сонун роман-повесттерди жаратып келген аксакалыбыз Мелис Абакиров, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн жана скульпторлорунун даңкын улаган Виктор Шестопал, Жылкычы Жакыпов, Нарынкул Турпанов, Базарбек Сыдыков, композитор Сардарбек Жумалиев жана башкалар улуттук маданиятты жаңы деңгээлге көтөрүштү деп эсептейм. Ал эми Чынгыз Айтматов атындагы театрда эмгектенип, жүз элүүдөн ашуун роль жараткан актриса Марусич Александра Евгеньевна, алыскы Лондонго чейин барып, Шекспирдин каармандарын ойногон Алымкул Исаков искусствого кызмат өтөөнүн нагыз өрнөгүн көрсөтүшүүдө.

Мейли аскер кызматчысы болобу, же айыл чарбасы менен энергетика тармагынын адамы болобу, мейли шаарыбыздын тазалыгын көзөмөлдөгөн ишкананын мээнеткеч жумушчусу болобу, же массалык маалымат каражатынын өкүлү болобу, адал эмгектенген ар бир адам коомду жакшыртууга салымын кошуп жатат. Ошондой адамдардын катарында атактуу генерал Мырзакан Субанов, ветеринария тармагынын кызматкери Тазабек Бокушев, социалдык коргоо тармагынын кызматкери Баатырбек Абдымамытов, «Тазалык» муниципиалдык ишканасынын айдоочусу Акылбек Ырысбеков, «Бишкек штамптоочу заводунун» цех начальниги Геннадий Сиротин жана башкалар бар.

Эми, бул жерде отурган ар бир сыйлык ээси тууралуу айта берсек, узун сабак кеп болчудай. Бир гана белгилей кетчү нерсе , баарыңыздар ушундай алкоолорго татыктуусуздар.

Урматтуу мекендештер!

“Биздин максат — Жаңы Кыргызстанды куруу” деген ураанды чакырып келебиз. Анын маани-маңызы менен максатын кайталай кетейин: жаңы Кыргызстан өткөн тарыхына сыймыктанган, бүгүнкү жашоо-турмушуна канааттанган, келечегине оптимизм менен караган эркин жарандардын өлкөсү болууга тийиш. Мына ушундай улуу максаттарга умтулууда өтөгөн эмгеги менен өзгөчөлөнгөн жарандарыбыздын ак кызматын өз учурунда татыктуу баалоо келечекте дагы негизги иш-милдеттерибиздин бири болуп кала бермекчи.

Кудай буюрса быйыл мамлекетибиздин экономикалык абалын көтөрүүгө өзгөчө басым жасап, экономикалык долбоорлорго маани берип турган чагыбыз.

Өзүңүздөр билесиздер, экономика тармагы абдан кеңири тармак. Жапа тырмак иш кылып, “жабыла көтөргөн жүк жеңил” деген принцип менен баарыбыз кол кабыш кылсак, көздөгөн максатыбызга да жетебиз деп ойлойм.

Дүйнө бир мүнөт да аярлабай, алга жылуунун, ааламдашуунун үстүндө болуп жаткан маалда, мамлекет менен коомчулуктун өзөгүн түзгөн, сиздер сындуу эмгеги өткөн өкүлдөрүнүн көздөгөн максаты, беттеген ою, жасаган иши, сүйлөгөн сөзү төп келиши шарт. Ал үчүн урагыс биримдигибиз, бири-бирибизге бекем ишеничибиз, чын дилден сый-урматыбыз өтө маанилүү. Байыркылыгы менен башкалардан, көөнөлүгү менен көптөрүнөн айырмаланган нускалуу элибиз, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара” бир туунун астында биримдиктүү бололу деп сөз беришип, ийгиликтерге жетип келишкени жөн эместир. Биз үчүн бул улуу жол азыр да жаркын келечекке алпарчу түз багыт! Аспиеттеп сактап, аманат кылган мурастарын андан ары улап кетүүнүн жол картасы!

Урматтуу сыйлык ээлери, айтайын дегеним, баарыбыз биримдикти жана ынтымакты сактап, жапа тырмак иш кылсак, бабалар мурастаган мамлекеттүүлүгүбүздү, көз жоосун алган касиеттүү жерибизди, ага төрт тарабы шай келген нускалуу элибизди өнүктүрүп-өстүрүп кетүү мүмкүнчүлүгүн туура пайдалана алабыз.

Дагы бир жолу алган сыйлыгыңыздар кут болсун!

Асыл максаттарга жетүүдө дагы да албан иштерди арбын жасай бериңиздер!

Кыргызстан – сиздер менен сыймыктанат!

Бар болуңуздар!”

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button