Окуялар
Кочкордо жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркады
Кочкор районунда жол кырсыгы ктталып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 235-чакырымында Toyota Ipsum жана Volkswagen Golf үлгүсүндөгү жеңил унаалырдын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен эки эркек киши: 1937-жылы туулган И.Т. жана 2008-жылы туулган И.А жабыркаган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды унаадан чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.