Коом

Кыргызстанда адвокат болом дегендер лицензия алуу үчүн тест тапшырат

Адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүүнү көздөгөн Кыргызстандын жарандары лицензия алуу үчүн атайын тестирлөөдөн өтөт. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, каалоочулар тестирлөөгө 24-26-март күндөрү катыша алат.

«Квалификациялык тестирлөөнү ийгиликтүү тапшыргандарга бир айдын ичинде Юстиция министрлиги тарабынан адвокаттык ишти жүргүзүү укугун берген лицензия берилет. Ал эми андан өтпөй калган талапкерлер тестти алты айдан кийин гана кайталап тапшыра алат», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин түзүлгөн тизмеге ылайык, ага 100дөн ашык адам катышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button