ВИДЕО: УКМКнын командасы Бириккен Араб Эмиратындагы (БАЭ) мелдеште күчтүүлөрдүн “ондугуна” кирди

Дубайда өткөн UAE SWAT Challenge 2022 эл аралык мелдешинде КР УКМКнын 9-кызматынын атайын багыттагы жоокерлери катышкан Кыргыз Республикасынын курама командасы финалдык 8-орунду ээледи. Мелдешке үй ээлеринен тышкары АКШ, Россия, Франция, Бразилия, Таиланд, Пакистан, Сербия, Сауд Аравия Королдугу, Армения, Нигерия, Шри-Ланка жана башка мамлекеттердин атайын багыттагы командалары катышышып, жалпысынан 22 өлкөдөн күчтүү 34 команда катышты.

Дубай полициясы уюштурган иш-чарада жеңүүчүлөр тактикалык машыгуулар, чабуулдар, куткаруу иштери жана тоскоолдуктардан өтүү боюнча болду. Мелдеште жоокерлер шарттуу жарадар болгон жолдошторду эвакуациялоо боюнча командалык тапшырмага да зор маани берилип, бардык сыноолор кемчиликсиз гана эмес, мүмкүн болушунча убакытка байланыштуу тезирээк өтүшү керектиги каралган.

Адистердин айтымында, мындай эл аралык мелдештер атайын даярдыктагы аскерлер үчүн зарыл жана пайдалуу болмокчу. Анын ичинде атайын күчтөр тажрыйба алмашууга, коопсуздукту камсыздоонун заманбап ыкмаларын изилдөөгө шарт түзүлмөкчү,- деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.