Саясат

Садыр Жапаров президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салды

Президент Садыр Жапаров 15-апрелде, Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы бүгүн салтанатка келгендер тарыхый имараттын курулушуна катышып жатканын белгиледи.

Куруучуларга кайрылып, Садыр Жапаров курулуш иштеринин сапаттуу жүргүзүлүшүнүн маанилүүлүгүн, бул имарат кылымдарды карытып, азыркыга эле эмес, кийинки муунга да кызмат кылышы керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы буга чейин бул жерде өткөн кылымдын 50-жылдарында курулган “Ысык-Көл” мейманканасы жайгашканын, анын имараты жараксыз абалга келгенин эске салды. Ушуга байланыштуу бул жерде жаңы имараттын курулушун баштоо чечими кабыл алынган.

Садыр Жапаров жалпы аянты 21 миң чарчы метрди түзө турган жаңы имарат сапатта салынып, анын дубалдары бекем болуп, көп жылдар бою кызмат кыларына ишенерин жана үмүт артарын билдирди.

Ошол эле жерде Садыр Жапаровго келечекте долбоор боюнча президенттик администрациянын имаратынын маңдайында жайгаша турган административдик комплекстин концепциясы көрсөтүлдү.

Жаңы административдик комплекстин курулушу борбордук башкаруу аппаратынын ишин оптималдаштырууга, башкарууну эффективдүү жүргүзүүгө шарттарды түзүүгө, уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн тездетүүгө, техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдарды оптималдаштырууга мүмкүндүк берери белгиленген. Мындан тышкары, бул мамлекеттик органдардын бир комплексте жайгашуусу чечимдерди иштеп чыгуу процессин тездетет, ордо калаанын борбордук бөлүгүндөгү жол тармагына жүктү азайтат.

Маалым болгондой, административдик имараттардын азыркы жайгашуусу – көпчүлүк мамлекеттик органдар негизинен Бишкектин борбордук бөлүгүндө топтолгон. Муну менен шаардын борборунда жол кыймылына жана тургундарга белгилүү ыңгайсыздыктар жаралууда.

Административдик комплекс заманбап жана көп функционалдуу, өнүккөн инфраструктурасы бар жана пландаштырылган шаардык түзүлүшкө интеграцияланган комплекстердин бири болуп калат.

Белгилей кетсек, курулуш маселелери менен Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкармалыгына караштуу Курулуш, социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди реконструкциялоо боюнча түзүлгөн мамлекеттик дирекция алектенет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button